ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI-ЧАКЫРЫК VI СЕССИЯСЫ
2017-жылдын 30-майы № 02
“Альфа Телеком” ЖАК ишканасынын уюлдук байланыштын АМС (агенство мачтовое сооружение) курууга жер аянтын бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Жергиликтүү калктын социалдык абалын жакшыртуу жана уюлдук байланыш кызматы менен тейлөө максатында Таш-Булак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Көк-Зоо участкасынан 30,0кв.м.жер тилкеси “Альфа Телеком” ЖАКна убактылуу пайдаланууга бекитип берүүгө уруксат берилсин.
2. Керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Ташлановго милдеттендирилсин.
3. Токтом чыгарып берүү Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновдон суралсын.
Төрага | Шермат уулу Алмаз |