Редакцияот 11.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VI-ЧАКЫРЫК VII СЕССИЯСЫ

 

2017-жылдын 11-июлу № 04

«Ынтымак айылындагы Жаштык көчөсүнүн атын өзгөртүп Тагайбеков Дурусбектин атын берүү жөнүндө»

 

Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын тургундарынын 2017-жылдын 21-июнында өткөрүлгөн чогулушунун протоколунун чечимин карап чыгып жана талкуулап Таш-Булак айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылындагы Жаштык көчөнүн атын өзгөртүп, Тагайбеков Дурусбек Тавашовичтин аты ыйгарылсын.

2. Бул көчөдөгү үйлөрдү нумерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу Тагайбековтордун уй- бүлөлөрүнө жүктөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага

Шермат уулу Алмаз