Редакцияот 11.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VI-ЧАКЫРЫК VII СЕССИЯСЫ

 

2017-жылдын 11-июлу № 06

«Таш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы ресторан жана кафелердин иштөөсү жөнүндө»

 

Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жашоочу элдерден түшкөн оозеки кайрылууларды эсепке алып жана талкуулап Таш-Булак айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Булак айыл аймагында иштеп турган ресторан жана кафелердин Иштөө убактысын түнкү саат 24-00ге чейин белгиленсин.

2. Токтомдун ишке ашыруу чараларын көрүү айыл өкмөтүнүн тейлөөчү милициянын участкалык инспекторлоруна жана айыл башчыларына жүктөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага

Шермат уулу Алмаз