Редакцияот 04.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VI-ЧАКЫРЫК VIII СЕССИЯСЫ

 

2017-жылдын 4-августу № 01

“Таш-Булак айылдык аймагынын Ынтымак айылынан өтүүчү Жалал-Абад –Казарман автожолунун айлампасындагы Советтер Союзунун Баатыры Т.Тайгараевдин айкели турган жерди Жалал-Абад шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө” маселени талкуулап

 

Таш-Булак айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Булак айылдык аймагынын Ынтымак айылынан өтүүчү Жалал-Абад- Казарман автожолунун айлампасындагы Советтер Союзунун Баатыры Т.Тайгараевдин айкели турган жерди Жалал-Абад шаардык мэриясынын балансасына өткөрүп берүү сунушу жактырылсын.

2. Жалал-Абад шаардык кенешинен жана Жалал-Абад шаардык мэриясынан Таш- Булак айылдык аймагынын Ынтымак айылынан өтүүчү Жалал-Абад-Казарман автожолунун айлампасындагы Советтер Союзунун Баатыры Т.Тайгараевдин айкели турган жерди Жалал-Абад шаардык мэриясынын балансына өткөрүп алуу суралсын.

3. Таш-Булак айылдык аймагынын Ынтымак айылынан өтүүчү Жалал-Абад- Казарман автожолунун айлампасындагы Советтер Союзунун Баатыры Т.Тайгараевдин айкели турган жерди Жалал-Абад шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берүүгө өз ыйгарым укуктарынын чегинде көмөк көрсөтүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Төрага

Шермат уулу Алмаз