Редакцияот 04.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VI-ЧАКЫРЫК VIII СЕССИЯСЫ

 

2017-жылдын 4-августу № 02

“Таш-Булак айыл аймагына караштуу жерлеринен кум- шагал алууга арендага жер алгандардын төлөмдөрүн белгилөө жөнүндө”

 

Арендага жер алган С.Чимбердиев,Ж.Одушевтардын кайрылуусун жана билдирүүсүн угуп жана талкуулап: Таш-Булак айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көгарт дарьясынын Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жерлеринен кум- шагал аралашмасын алып иштетүү үчүн ижара акы 1,0га жерге 1 жылга 3300сом кылып белгиленсин .

2. Керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо, келишимдерди түзүү Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Ташлановго жана ФЭБнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго жүктөлсүн

 

Төрага

Шермат уулу Алмаз