АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Айдаркен шаардык Кенешинин 2 - чакырылышынын III-сессиясы
2017-жылдын 23-январы № 6
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 4-пунктун бекитип берүү жөнүндө»
Айдаркен шаардык мэриясынын салыктар боюнча башкы адиси А. Базаркулованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Салык Кодексинин 339-статьясынын 4-пунктун жетекчиликке алуу менен Эл депутаттарынын Айдаркен шаардык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-статьясынын 4-пунктунун негизинде Айдаркен шаарынын аймагындагы коммерциялык мекемелерден алынуучу айыл чарбасына арналбаган жер салыгы К3 аймактык коэффиценти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтом каттодон өткөрүлсүн жана мамлекеттик нормативдик актылардын реестрине киргизүү үчүн Баткен Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | Ж.М. Алиев |