Редакцияот 24.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясынын

 

2018-жылдын 24-январы № 11/3

Кара-Суу айыл аймагынын Орток айылынын “Боз” участкасындагы көчөгө Иманкулов Токтогазынын ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

Кара-Суу айыл аймагындагы Орток айылынын “Боз” участкасындагы көчөнүн тургундарынын атайын өткөргөн чогулушунун протоколунун токтомун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагындагы Орток айылынын “Боз” участкасындагы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Иманкулов Токтогазынын ысымы берилсин.

2. Тийиштүү документтерин мыйзамга ылайык бүткөрүү жагы Иманкулов Токтогазынын үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Курткаев