Редакцияот 14.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясынын

 

2018-жылдын 14-февралы № 13/3

“Экоэнерго сервис” ЖЧКнын кичи ГЭС курууга Кара-Суу айыл аймагынан жалпысы 9,6 га жер аянтын ижарага алуу боюнча кайрылуусу жөнүндө

 

“Экоэнерго сервис” ЖЧКнын Кара-Суу айыл аймагында кичи ГЭС куруу боюнча сунушун карап жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Экоэнерго сервис» жоопкерчилиги чектелген коомуна Кочкор районундагы Кара-Суу айыл аймагынын «Сөөк» капчыгайында жайгашкан «Сөөк» суусунун жээгиндеги жер тилкелердин № 2417, 2411, 2474, 2410, 2408, 2407, 2423, 2424, 2403, 2405, 2397, 2395, 2394, 2396, 2392, 2389, 2390, 2385, 2388, 2387, 2384 контурлары кирген жалпы аянты 9,6 га жер аянтын жалпысынан 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө кичи ГЭС куруу максатында гана ижарага бөлүнүп берилсин;

2. Бул жер аянтын ижарага алуу боюнча Кара-Суу айыл өкмөтү менен «Экоэнерго сервис» ЖЧКсынын ортосундагы келишими түзүлгөн күндөн тартып 3 жыл аралыгында кичи ГЭСтин курулуш иштери башталбаса жана 5 жыл аралыгында кичи ГЭСтин долбоордо көрсөтүлгөн имаратынын 80 % зы бүткөрүлбөсө, бул токтом күчүн жоготсун жана жер аянты кайтарылып алынсын;

3. Бул жер аянтын ижарага алуу боюнча келишимдин долбоорун айылдык Кеӊештин депутаттары макулдашкандан кийин гана түзүлсүн;

4. Токтомдо көрсөтүлгөн жер аянтына тиешелүү токтом чыгарып берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын;

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана туура багытта пайдаланышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Осмонов Айбеке милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Курткаев