Редакцияот 17.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

5-кезексиз сессия

 

2018-жылдын 17-июлу № 26/V-27

Узун-Кыр айыл өкмөтүндөгү “К.Айдарбеков атындагы мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү” долбоорунун жетишпеген бөлүгүн каржылоо үчүн бюджеттик ссуданын бөлүнүшү жөнүндө

 

Кант шаарынын мэриясынын 12.07.2017-ж. №481/01-25 «Узун-Кыр айыл өкмөтүндөгү “К.Айдарбеков атындагы мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү” долбоорунун жетишпеген бөлүгүн каржылоо үчүн ссуданын бөлүнүшү жөнүндө» катын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Ысык-Ата райондук башкармалыгынын 10.07.2017 -жылдагы № 106-катын карап чыгып

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кант шаарынын мэриясы Узун-Кыр айыл өкмөтүндөгү “К.Айдарбеков атындагы мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү” долбоорунун жетишпеген бөлүгүн каржылоо үчүн 2017-жылдын башталышындагы бюджеттик каражаттын эркин калдыгынан 650,0 (алты жүз элүү миң) сомду 01.12.2017-жылга чейинки мөөнөттө бөлүп берсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кант шаардык кеңешине 11.12.2017-ж. чейин маалымат берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Шайлдабеков