Редакцияот 15.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын XVII-сессиясынын

 

2018-жылдын 15-февралы № 17/1

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер аянтынан Мончо, Кичи футбол аянтын курууга жер аянтын бөлүп бекитип берүү жөнүндө

 

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн 25.06.2004-жылдагы № 21-1 токтому менен бекитилген Ак-Муз айыл өкмөтүнүн менчигиндеги контур 0121 дагы эски пилорамманын орду 1400 чарчы метр жер аянтына жаңы Мончо салууга жана Ак-Муз айыл өкмөтүнүн маданият үйүнө тиешелүү контур 0694 дагы 9033 чарчы метр жер аянтынын ичине Кичи футбол аянтын салууга уруксаат берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздары менен камсыз кылуу жагы Ат-Башы райондук шаар куруу башкармалыгынан суралсын.

3. Курулуш иштери толук аяктагандан кийин бир айлык убакыттын ичинде Ат-Башы райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнүн турак-жай адиси Э. Алымкуловго тапшырылсын.

4. Мончонун, Кичи футбол аянтынын проектисине жана каттоодон өткөрүүгө кетүүчү акча каражатын өз убагында которуп берүү айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жумакадыровго милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.

 

Төрага:

А. Абдырахманов