Редакцияот 15.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын XVII-сессиясынын

 

2018-жылдын 15-февралы № 17/2

Ак-Муз айыл аймагынын мал жандыктарын тактап чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө

 

Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Б. Абдылдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын мал жандыктарынын бардык түрүн тактап чыгуу боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

- Э. Касканов- Айылдык Кещештин турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, комиссиянын төрагасы;

- Б. Абдылдаев- Жайыт комитетинин төрагасы, комиссиянын катчысы;

- К. Турдубаев-Айылдык Кещештин депутаты, комиссия мүчөсү;

- Үсөнгазы уулу Азамат- Аймактык милициянын өкүлү, комиссия мүчөсү;

- А. Карачекеев- Айыл өкмөтүнүн башкы адисинин милдеттин аткаруучу, комиссия мүчөсү;

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн А. Капатовго тапшырылсын.

 

Төрага:

А. Абдырахманов