Редакцияот 13.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-чакырылыш кезексиз онунчу сессиясы

 

2017-жылдын 13-сентябры № 45

Туяк ырчынын эстелигин куруу үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

 

Туяк ырчынын эстелигин куруу үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн бюджетинен Туяк ырчынын эстелигин куруу үчүн 10000 ( он мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Ушул токтомду аткаруу жагы Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы К. Тургуновко милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Шамшиев