Редакцияот 18.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧЕК- АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чек-Абад айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын V сессиясы

 

2017-жылдын 18-майы № 1

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Пахтачы айылынын Турк-мааласыны таза суу менен камсыз кылуучу скважинага акылман эсептегич орнотуу жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча Пахтачы айылынын Муса-Ата мааласыны таза суу менен камсыз кылуу Интизар ИСКАКБсынын жетекчиси А.Аликуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Пахтачы айылынын Турк-мааласыны таза суу менен камсыз кылуучу скважинага акылман эсептегич орнотууга уруксат берилсин.

2. Турк-маалага коюулучу акылман эсептегичтер өз эсебинен коюлсун.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Интизар ИСКАКБсынын жетекчиси А.Аликуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Ж. Нурматов