Редакцияот 30.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Сай айылдык аймактык Кенешинин VI –чакырылышындагы депутаттарынын кезектүү № 7 сессиясы

 

2017-жылдын 30-ноябры № 01-3/3

Көк-Сай айылдык аймагынын кошумча киреше чыгаша сметасын кароо жана бекитүү жөнүндө

 

1. Көк-Сай айылдык аймагынын кошумча киреше чыгаша сметасы 250мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бюджеттин киреше бөлүгү төмөнкү тармактардан ашык түшкөнү белгиленсин.

·         Транспорттон түшкөн налог -223,9

·         Жер салыгы -71,8

Баардыгы 295700сом

3. Көк-Сай айылдык аймагынын бюджетинин чыгаша бөлүгү 295700сомго төмөнкү тармактарга чыгымдалышы белгиленсин.

·         Көк-Сай айыл өкмөтүнүн балдар бакчасына тамак аш чыгымына 295700сом

Баардыгы 295700сом

4. Көк-Сай айылдык аймагынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген чыгым статьялары боюнча аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

Төрага

А. Жаманкулов