Редакцияот 15.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кенешинин VI шайланган кезектеги IX отурумунун

 

2017-жыл 15-декабрь №9/7

Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылына чакан ГЭС куруу жөнүндө

Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылынын айыл башчысы З.Курбановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,

Ленин айылдык Кенешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылынын айыл башчысы З.Курбановдун билдирүүсү эске алынсын.

2. Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылына чакан ГЭС курууга уруксат берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановго тапшырылсын.

 

Ленин айылдык кеңешинин төрагасы:

Б.Арынбаев