Редакцияот 19.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылыштагы кезектеги I-сессиясы

 

2018-жыл 19-январы №1/3

Баш-Кайыңды  айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн 2017-жылдагы  калган  калдык  2 046 336 (эки миллион кырк алты миң үч жүз отуз алты миң )сом  акча  каражатын  кароо жөнүндө

Баш-Кайыңды  айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн 2017-жылдагы  калган  калдык  2 046 336 (эки миллион кырк алты миң үч жүз отуз алты миң) сом акча каражатын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык  Кеңештин иш планын  угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баш-Кайыңды  айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн 2017-жылдагы  калган  калдык  2 046 336 (эки миллион кырк алты миң үч жүз отуз алты миң) сом акча каражаты төмөндөгүдөй белгиленсин.

Айыл өкмөтүнө камаз алуу үчүн - 1 000 000 сом

Вет.пункттун өздүк салы үчүн - 397 000 сом

Айыл өкмөтүнө техникалык шаймандарды алуу үчүн -376 000  сом 

Ч.Асеков атындагы орто мектептин питаниясына - 60 000 сом

Ч.Асеков атындагы орто мектептин ашканасынын кафелине клей алуу үчүн - 31 000 сом

Айыл өкмөтүнө инвентар (стол, стул) алуу үчүн -152 336 сом

Айыл өкмөтүнүн архивин ремонт жасоо иштерине  - 20 000 сом

Айылдык кеңештин токтомдорун веб сайтка жарыялоо үчүн  -10 000 сом

Баары: 2 046 336 сом

2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы - экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.

 

Төрага

А. Бокоев