Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 435 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы № 936, 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574, 2017-жылдын 28-августундагы № 542, 2020-жылдын 17-августундагы № 423, 2021-жылдын 4-майындагы № 207, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Жобо "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарын ишке ашыруу, жарандардын өз укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруусу, алардын башка жарандардын, мамлекеттин жана коомдун алдындагы милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Жашаган жери болуп Кыргыз Республикасынын жараны туруктуу жашаган жер эсептелет.
Барган жери болуп жаран убактылуу жашаган жер эсептелет.
Даректик - маалымдама бюросу" автоматташтырылган маалыматтык системасы - жарандарды жашаган жана барган жери боюнча каттоону эсепке алуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн багытталган, каттоону эсепке алуу органы тарабынан түзүлүүчү жана пайдаланылуучу программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болгон система.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы № 936, 2020-жылдын 17-августундагы № 423 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Жашаган жери боюнча каттоого Кыргыз Республикасынын тиешелүү администрациялык-аймактык бирдигинин аймагында турак жайда туруктуу жашаган жарандар тийиштүү.
3. Барган жери боюнча каттоого туруктуу жашаган жеринен башка жерге жашаган жери боюнча каттоодогу эсептен чыкпастан 45 календарлык күндөн ашык мөөнөткө убактылуу кеткен жарандар тийиштүү.
4Каттоо эсебин жүргүзүү үчүн жарандын ким экендигин ырастоочу зарыл документтер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- паспорт (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 207 токтомуна ылайык күчүн жоготту)