Редакцияот 26.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2017-жыл 26-декабры № 76

Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жана 2019-2020-жылдарга болжолдуу өнүгүү программасын бекитуу жөнүндө

Самаркандек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2018-жылга жана 2019-2020-жылдарга болжолдуу иш чараларын бекитүү максатында Самаркандек айылдык Кеңеши

ТОКОМ КЫЛАТ:

1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2018-жылга жана 2019-2020-жылдарга болжолдуу иш чарасы бекитилсин.

2. Самаркандек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2017-жылга жана 2019-2020-жылдарга болжолдуу кабыл алынган иш-чараларынын планы жактырылсын.

3. Самаркандек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2017-жылга жана 2019-2020-жылдарга болжолдуу кабыл алынган иш-чараларды экономика, бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиялар аркылуу көзөмөлдөө жана аткарылган иштерди айылдык Кеңештин сессияларында кароо жагы белгиленсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Самаркандек айылдык Кеңешинин экономика, бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Пирматов