Редакцияот 18.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз VIII сессиясы

 

2017-жыл 18-ноябры №32

Ак-Жар айыл өкмөтүнүн майыптарына жана турмуш шарты оор жарандарына кышка карата жардам көрсөтүү жөнүндө

Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн аймагындагы майыптарга жана турмуш шарты оор жарандарга көрүлүп жаткан камкордуктар жөнүндө социалдык маселелер боюнча «туруктуу комиссиясынын» сунушун талкуулап чыгып .

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы майыптарды жана турмуш шарты оор жарандарды сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу максатында «Узген Энерго Уголь» ишканасы менен макулдашып 50 т көмүрдү бөлдүрүп алуу жагы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн соц. адиси С.Мурзамамытовго жана айылдык кеңештин «социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Тургунбаев