Редакцияот 24.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз XII сессиясы

 

2018-жыл 24-февраль № 46

Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу «Жаңы» сугат суу пайдалануучулар Ассоциациясынын 2017-жылда жүргүзгөн иштери боюнча отчету

Ак-Жар айылдык Кеңеши элдин экономикасын көтөруүүдө айыл чарбачылыгынын ролун белгилеп анын ичинде айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоо маселелеринин зарылдыгын талкуулап, карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу «Жаңы» сугат суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2017-жылда жүргүзгөн иши канаттандыраарлык деп табылсын

2. 2018-жыл айыл чарба жылында элдин сугат суу менен камсыз кылуу иштерин азыртан баштап уюштуруу , натыйжалуулугуна жетишүү «Жаңы» СПА сынын жетекчилигине милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин «Айыл чарбачылыгы» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Тургунбаев