Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 18-декабры № 12-1
Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга карата социалдык –экономикалык стратегия планын бекитүү
Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга карата социалдык –экономикалык стратегия планы Кыргыз Республикасынын , Кыргыз Республикасыцнын Ош облустук өкүлчүлүгүнүн, Ноокат райондук администрациясынын жана Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жарыяланган жылына карата түзүлгөн иш пландарынын негизинде, айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык стратегия планын бекитүү боюнча айылдык Кеңештин кезектеги 12 сессиясында угузулду жана айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОТКОМ КЫЛАТ:
1. Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылга карата социалдык-экономикалык стратегия планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген токтом мыйзам негизинде аткарылсын
3. Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчсы Ш.Гафаровго жүктөтүлсүн.
4. Токтомдун актакаылышын көзөмөлдөө Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Исмоилов |
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын 2018-2022 – жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясы
Рабочей группе по разработке стратегического плана, которая возглавляю я, вставлена очень большая ответственность в изучении и выявлений актуальные проблемы населения и в результате выбрать приоритетным направлениям на 2018 – 2022 года.
С целью этого, огромной поддержкой сотрудниками айыл окмоту достигли проводить общие собрании по несколько раз в айылах. В результате этих собрании, достигли выявить более реальные проблемы и пути решения. Сообщество на местах показали большие активности своими инициативами. Они обещали поддерживать своими средствами и трудом потенциалом в решении проблем сельских местностях, которые препятствует на улучшение уровень жизни.
Это прекрасно!
Дает нам стимуль в работе и стремление к выпольнению своих обьязателств перед своей населении. Делать добро к людям. Еще и еще раз упоминают ответственности перед населением данного территория, которое является нашим истинным обязательством.
Я и мои коллеги искренны рады за то что, работаем блага жителей своей маленкой Родине и надеемся что, мы вместе с 22 405 жителем айыльного аймака имени А. Мирмахмудова достигнем поставленного целя.
С величайшем уважением
от имени рабочей группы
Гафаров Шухрат - глава айыл өкмөтү имени А. Мирмахмудова
АЙЫЛДЫК АЙМАК ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
Ноокат районунун А. Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын кыскача географиялык жана социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү.
1.1.Географиялык өзгөчөлүктөрү:
Ноокат районунун А. Мирмахмудов атындагы айылдык аймагы Ноокат- Ош райондор аралык автожолунда жайгашып, түндүк тарабынан Араван районунун Маркс айыл аймагы менен, түштүк жагынан Кара таш айыл аймагы менен, чыгыш тарабынан Т. Зулпуев атындагы айылдык аймагы менен, батыш тарабынан Ноокат шаары жана Гулистан айылдык аймактары менен чектешет.
Рельефи жана гидрогеографиясы:
А. Мирмахмудов атындагы айылдык аймагы деңиз деңгээлинен 1000-1280 м бийиктикте жайгашкан. Жеринин жайгашуусу түштүктан түндүктү карай энкейиш бөлүп, Кыргыз – Ата дарыясы айыл аймакты тең ортосунан бөлүп өткөн жана күнүмдүк жашоо шарттары, дыйканчылыгы, багбанчылыгы да ушул дарыяга байланыштуу. Мындан сырткары, Барын айылынын Сизот участкасы жана Арал айылынын чыгыш тарабындагы сугат жерлери Чечме – Сай дарыясынан пайдаланат.
Арал айылынын Кызыл участкасы, Кара кокту айылынын батыш тарабындагы сугат алыштары жана Капчыгай айылындагы Капчыгай сугат каналдарына түшүүчү сел агындылары дайыма элге чоң зыяндарды алып келип турат. Акыркы 2005-2017 - жылдар аралыгында жогоруда аталган айылдарда жыл сайын эки – үч жолудан арыктарды кайрадан калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.
Климаты.
Континенталдуу ачык байкалган кышы суук жана кургак, жайы жылуу. Кар жааган күндөр жылына өртөчө 50 күндү түзүп, кардын калыңдыгы 40 см га чейин жетет.
Кыргыз – Ата дарыясында максималдуу суунун көптүгү июнь –июль айларына туура келет.
Абанын бир айлык орточо температурасы июль айында өрөөндөрдө +36С. Күз кургак, жылуу. Январь айында -18 С.
Атмосфералык жаан-чачындын орточо саны бир жылда 270 мм-ден 350 мм. чейин өзгөрүп турат.
Ноокат районунун А. Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын жалпы аянты 20 305 кв.км. (жайыттарды кошкондо).
-калкынын саны 22 405 киши (2017 – жылдын 1 –январына карата) .(Чапаев айылында - 9562, Арал айылында - 2202, Барын айылында - 8842, Буудайлык айылында - 142, Капчыгай айылында – 359, Кара кокту айылында 826).
Айыл аймагында :
-Жалпы кожолуктар- 3588 түтүн ( турак жайлар 86 % самандуу ылайдан,
14 % бышкан кыштан курулган).
- Эркектер – 10 792;
- Аялдар –11 613;
- 0 жаштан 16 жашка чейинки балдар – 7974. Анын ичинен: уул балдар -3989, кыздар-3985;
- 17 жаштан 63 жашка чейинкилер – 13 578. Анын ичинен – эркектер - 6552, аялдар – 7026;
- 63-жаштан жогорку жаштагылар - 1163 адам.
- Жалгыз бой кары картаңдар - 16 адам.
- Калктын эмгекке жарамдуулары – 12 796. Анын ичинен: эркектер - 6175, аялдар - 6621 адам;
- Эмгекке жарабагандар- 7763 адам.
Калктуу конуштар толугу менен электрлештирилген. Бирок, кээ бир калктуу конуштарда Электр Берүүлөрдүн Линиясынын сапаты начар, КТП лар жетишсиз. Бардык калк (ар бир үй бүлөө) өткөргүчтүү телефон байланышы “Кыргызтелеком”, ”Билайн”, ”Мегаком” байланышы менен 100 % камсыздалган. Мобилдик байланышсыз кожолук жокко эсе.
Ичимдик жана сугат суулары негизинен түштүктөн түндүккө кесип өтүүчү Кыргыз – Ата дарыясынан жана жер алды суулары менен камсызданылат.
Административдик, маданий-турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк имараттар негизинен бир кабаттуу,топурак менен урулган жана бышкан кыштан курулган.Жеке сектордогу турак үйлөрү саман кошулган топурактан жана бышкан кыштан курулган бирок архитектуралык талаптарга толук ылайык келбейт .
Айылда айыл жана мал чарбачылыгы өнүгүп, калктын негизги бөлүгү жеке чарба менен алектенишет.
Малдын саны:
Ири мүйүздүү мал - 4122 баш: анын ичинен уйлар- 2385 баш;
Кой-эчки – 10 425 баш.
Жер фондусу:
Калктын тамаркалары - 624 га.
Сугарылуучу жер аянттары - 1049 га
Кайрак жерлер - 1548 га
Көп жылдык бак- дарактар - 28 га
Жайыттар - 4949 га
Кайра бөлүштүрүү фондунун жери - 424га
Чөп чабынды жерлер - 79 га.
Ички чарбалык жолдор:
Жалпы узундугу – 68 км; анын ичинен асфальт төшөлгөнү 21 - км , шагал төшөлгөнү- 47 км.
- Көпүрөөлөр: Арал айылындагы Арал 1 көпүрөөсү (туурасы 6 м.узундугу 10 м. Бир пролеттуу, көтөрүмдүүлүгү 40 тн.темир-бетондон 2008-жылы курулган).
-Арал 2 көпүрөөсү (туурасы 5 м.узундугу 9 м. көтөрүмдүүлүгү 30 тн.темир-бетондон 2012-жылы курулган).
-Ноокат-Кашкалдак райондор аралык автожолунун 2 -чи км. Кыргыз Ата дарыясына курулган Таш Коргон көпүрөөсү (туурасы 8 м, узундугу 14 м, көтөрүмдүүлүгү 40 тн.темир-бетондон 1962 - ж. курулган, бүгүнкү күндө көпүрөөнү капиталдык ремонттоо талап кылынат).
- Ички чарбалык көпүрөөчөлөр; Саховат участкасындагы Саховат көпүрөөсү, Чечме Сай дарыясына 2011-жылы айыл өкмөтү жана коомчулук тарабынан (туурасы 4 м.узундугу 10 м. көтөрүмдүүлүгү 20 тн.темирден курулган
- Чапаев айылындагы Беш тал көпүрөөсү (туурасы 4 м.узундугу 6м, көтөрүмдүүлүгү 12 тн. жергиликтүү калк жана АРИС тарабынан 2009 -ж.курулган.
- Барын айылындагы А. Навоий атындагы орто мектебиндеги жөө жүргүнчүлөр катточу көпүрөө 2008 -жылы АРИС тин колдоосу менен курулган.
- Арал айылындагы мазарга отуучу жоо адам отуучу көпүрөө. 2009 – жылы АРИС тин колдоосу менен курулган. 2017 – жылда реконструкция кылынып, автоунаа отуучу көпүрөөгө айлантырылган;
Айылдын аймагында жолдордун абалы начар. Мындай жолдор менен жүрүү төмөнкү ылдамдык, күйүүчү-майлоочу майлардын ашыкча чыгымы жана унаанын тез бузулушу менен мүнөздөлөт.
Ички чарбалык сугат каналдар:
- Ички чарбалык каналдар -3 км.
-Сугат арыктары -27 км.
Электрлештирүү:
-Электроберүү чубалгылардын узундугу- 126 км.
-Трансформатордук подстанциялардын саны - 72 даана
-Жогорку чыңалуудагы линиялар – 49 км.
Радиолоштуруу, калкка кабар берүү:
- Байланыш линиясынын узундугу- 3,4 км.
-“Кыргызтелеком”,”Мегаком”, Билайн” байланышы-100 %
-Автономдуу каттуу уктуруучу, кабарлоочу (громкоговорителдер) 12 даана мечиттерде жайланышкан жана 100% камсыздайт.
Унаалар жана башка техникалар (менчиктин түрүнө карабай):
Жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус, микроавтобустар - 9 бирдик.
Жүк ташуучу унаалар - 13 бирдик.
Өзү төгүүчү унаалар (самосвалдар) - 12 бирдик.
Жеңил автоунаалар- 1545 бирдик.
Тракторлор (чиркегичтүү) - 5 бирдик.
Экскваторлор – 4 бирдик.
Электр-газ ширеткичтер 5 бирдик.
Ат арабалары- 6 даана.
АЗС Чапаев айылында 1 даана, Барын айылында 1 даана. Жалпы сыйымдуулугу дизелдик күйүүчү майга 10 тн. Бензинге 20 тн. Ар бир АЗС нын орточо запасы: бензин 16 тн, дизелдик күйүүчү май 8 тн.
Ветеринардык кызмат көрсөтүүчү мекемелер:
Ветеринардык түйүндөр Барын айылында 1 ветсервис.
Жогорку билимдүү веткызматкерлер 2 киши.
Атайын орто билимдүү веткызматкерлер 3 киши.
Элге билим берүү мекемелери:
Мектептер
1 | Чапаев | Айбек | А. Мирмахмудов атындагы толук эмес орто мектеби | Иминова Сурайе | 0554 040748 | 1992 | типсиз 1 кабат | канааттан дырарлык |
2 | Чапаев | Беш тал | Беш тал орто мектеби | Хасанбоева Канахат | 0559605553 | 1996 | типсиз 1 кабат | канааттан дырарлык |
3 | Чапаев | Уч Кемпир | Н. Позилов а.т.э. орто мектеби | Хайдарова Майрамхон | 0551 077194 | 1995 | типсиз 1 кабат | канааттан дырарлык |
4 | Барын | Барын | Ал - Беруний ат. орто мектеби | Боронбаева Мотавархан | 0777 784067 | 1967 | типтүү 2 кабат | канааттан дырарлык |
5 | Ьарын | Киров | А. Навоий ат. орто мектеби | Абдумажидов Махаммаджан | 0557452378 | 1985 | типтүү 2 кабат | канааттан дырарлык |
6 | Барын | Какыр – Сай | А. Кодирий ат.т.э.о. мектеби | Шоира | 1996 | типсиз 1 кабат | канааттан дырарлык эмес | |
7 | Арал | Арал | Арал орто мектеби | Исраилова Айгүл | 0777 529348 | 1978 | типтүү 1 кабат | Канааттандырарлык эмес |
8 | Кара кокту | Кара кокту | Кара коту орто мектеби | Касымов Раимкул | 0559 909329 | 1989 | типсиз 1 кабат | Канааттандырарлык эмес |
9 | Капчыгай | Капчыгай | Капчыгай башталгыч мектеби | Маткеримов Өмүрбек | 0773 291879 | 1979 | типсиз 1 кабат | Авариялык абалда.
|
10 | Буудайлык | Буудайлык | Буудайлык б.мектеби | Мамашева Эркайым | 0558 240018 | 1991 | типсиз1каб | Кан-лык эмес |