Редакцияот 10.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Орозбеков айылдык кенешинин алтынчы чакырылыш кезексиз он биринчи сессиясы

 

2017-жылдын 10-августу № 73

Орозбеков айыл аймагындагы жайыт менен токой чарбасынын чек араларын талкулоо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Орозбеков айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орозбеков айыл аймагындагы жайыт менен токой чарбасынын чек аралары боюнча төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн.

1.Досматов Ж. айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу

 комиссиянын төрагасы

Мүчөлөрү:

2.Исакова Т. Айылдык кенештин депутаты

3.Матисаев Ш.-айылдык кенештин депутаты.

4.Гапаров А.-айылдык кенештин депутаты

5.Эргешов Т.-айылдык кенештин депутаты

6.Ысаков Б-айылдык кенештин депутаты.

7.Матисаев А.-айыл өкмөтүнүн орун басары.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

Төрага

И. Мадеминов