Редакцияот 19.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы

 

2018-жылдын 19-февралы № 1

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бужум айылына курулуп жаткан спорт залга өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

 Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бужум айылына спорт зал курууга өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча Кара-Булак айыл өкмөтүнунун башчысынын орун басары А.Мансуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Булак айыл өкмөтүнун Бужум айылына долбоордун негизинде жаныдан курула турган спорт залдын курулушуна өздүк салым үчүн 2 157 926 сом жергиликтүү бюджеттен ,1 млн сом демөөрчүлөрдөн бардыгы болуп 3 млн 157 мин 926 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин төрагасынын орун басары С.Эрматовго тапшырылсын.

 

Кара-Булак айылдык

Кенешинин төрагасы :                                                                                                                                                                                             И.Тилеков