Редакцияот 30.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү XXI сессиясынын

 

2018-жылдын 30-январы № 21\12

Бала бакчалардын атайын эсебиндеги бош калган каражаты жөнүндө

Кочкор айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясынын Кочкор айыл аймагындагы бала бакчалардын атайын эсебиндеги бош калган каражатын бөлүштүрү боюнча сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу»жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бала бакчалардын атайын эсебиндеги бош калган 1899,5 (бир милион сегиз жүз токсон тогуз миң беш жүз) сом акча каражаты бала бакчаларды тамак аш менен камсыз кылуу үчүн бөлүнсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Ж. Балкыбеков