Редакцияот 16.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясынын

 

2018-жылдын 16-январы №12/52

Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө

Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н. Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 5079,4 сомго, чыгашалары 4922,1 сомго аткарылганы белгиленсин.

2. Жыл башында калган калдык 54,6 сомго, жыл аягында калган калдык 187,3 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

Төрага

Т. Жумамүдүн уулу