Редакцияот 12.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын бешинчи кеңешмеси

 

2017-жылдын 12-апрели № 24

Күн тартибиндеги ар-кандай маселелер боюнча Өмүралиев айылдык аймагынын Манас айылынын тургуну Ботиков Муратбектин арызын карап чыгып, талкуулап Өмүралиев айылдык аймагынын VII чакырылышынын бешинчи кеңешмеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Манас айылынын тургуну Ботиков Муратбектин 1991-жылы “Апаш” дыйкан чарбасынан үлүшкө тийген Сүттү Булак өрөөнүндөгү 1,0 га кайракы жерин мыйзамдаштыруу боюнча арызы канаттандырылсын.

2. Тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы айыл өкмөт башчысы Т. Эдиловго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

У. Алмолдоев