Редакцияот 27.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын жетинчи кезексиз кеңешмеси

 

2017-жылдын 27-июлу № 34

Чатбазар айылынын тургуну Жумалиева Сагындын арызы жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Өмүралиев айылдык аймагынын Чатбазар айылынын тургуну Жумалиева Сагындын арызын карап, талкуулап чыгып Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын жетинчи кезексиз кеңешмеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чатбазар айылынын тургуну Жумалиева Сагын Калинин №1 (азыркы Кагазды уулу Төрөкул №1)400м.кв жерин турак жай куруу үчүн жана документтештирүү боюнча арызы канааттандырылсын.

2. Тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Эдиловко жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Төрага

У. Алмолдоев