Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-январындагы №9/2
Өзгөн шаарынын 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги IX сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексине» ылайык жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 9-январындагы №1 жана 2018-жылдын 16-январындагы №2 протоколдорунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2017-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 82722,7 миң сомго, чыгаша бөлүгү 81943,7 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. 2018-жылга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар 1-тиркемеге ылайык 85046,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылга божомолу 85546,5 миң сом, 2020-жылга божомолу 85746,5 миң сом өлчөмүндө 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2018-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу шаар мэриясына сунушталсын.
5. Шаардык бюджеттик мекемелерге, муниципалдык ишканаларга казыналыктын регионалдык бөлүмүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын жана башка кирешелерди чыгымдоого тыюу салынсын.
6. Шаардын бюджетине менчигинин түрүнө карабастан салык агенти төлөгөн киреше салыгынан, сатуудан алынуучу салыктан эсептеп өткөрүүлөр 2018-жылда 50 пайыз жергиликтүү бюджетке түшөөрү белгиленсин.
7. Шаардын бюджетине ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык, кичи ишканалардан алынуучу бирдиктүү салык, мүлккө салык, юридикалык жана физикалык жактардан алынуучу жер салыгынан эсептеп өткөрүүлөрдүн өлчөмү 100 пайыз жергиликтүү бюджетке түшөөрү белгиленсин.
8. 2018-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар 9296,5 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине ылайык шаар мэриясынын резервдик фонду 792,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде шаар мэриясынын штаттык сан-эсеби жана түзүмү 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомуна ылайык шаар мэриясынын, МММБ департаментинин техникалык (ТОП) жана кенже кызматкерлеринин (МОП) айлык эмгек акысына кошумча жергиликтүү бюджеттин эсебинен «Коммуналдык кызматтар үчүн» айына 1000 сомдон үстөк төлөнсүн.
11. 2019-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүргүзүлүүчү нак акча 600,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
12. 2018-жылдын 1-январына карата шаардык бюджетте 2995,9 миң сом эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын. Бюджеттик мекемелердин атайын эсебинде 2018-жылдын 1-январына карата калган 823,3 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык акча каражаты мыйзамга ылайык ар бир бюджеттик мекеменин өзүнүн керектөөсүнө иштетилсин.
13. Кварталдык комитеттердин төрагаларынын эмгек акысын төлөө муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти аркылуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
14. Каражаттардын жетишпестигине байланыштуу 2016-жылдын жыйынтыгы менен 1-январь 2017-жылга калган 2388,2 мин сом эркин калдыктын МММБ департаментине, бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2017-жыл ичинде ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен 6503,2 миң сом: анын ичинен шаар мэриясына 12,3 миң сом, шаардык кеңешке 1,9 миң сом, шаардык билим берүү бөлүмүнө 183,0 миң сом, Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багына 414,0 миң сом, Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасына 400,0 миң сом, МММБ департаментине 5492,0 миң сом каржыланганы эсепке алынсын.
15. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын 2018-жылдын 6 айлык жыйынтыгы боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүү шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
16. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым Өзгөн шаарынын аймагында бир парковка орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн 5 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.
17. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө шаар мэриясы менен биргеликте иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
18. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
19. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Джаликов
|
| Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылдын 20-январындагы кезектеги IX сессиясынын №9/2 токтомунун тиркемеси |