Редакцияот 06.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IV сессиясы

 

2017-жылдын 6-июну №4.6

Капчыгай айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун Келечек планын бекитүү жөнүндө

Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга  Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун Келечек планын бекитүү максатында  Капчыгай айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун Келечек планын бекитилсин.

2. Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун Келечек планын аткаруу жагы турак жай жана жер боюнча жетектөөчү адис Э.Касымалиевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы  Капчыгай айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясына  жана айыл өкмөт башчы М.Сатыбалдыевге жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Ж. Турганбаев