Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августундагы №137
Кызыл-Тоо айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-2019-жылдарга карата климаттын өзгөрүшүнүн шартында жайыт башкаруу жана мал-чарбачылыгын өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айылдык кенешинин депутаттарынын 5 чакырылган кезектеги 23сессиясы «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорун колдоо максатында жайыт комитетинин 4-июнь 2016-жылдагы №4 протоколун карап жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык кенешинин 5 шайланган кезектеги 24 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-2019-жылдарга карата климаттын өзгөрүшүнүн шартында жайыт башкаруу жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү планын бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Тоо айылдык кенешинин айыл,жер суу ,чарба ,өнөр-жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бакирова |
Кызыл-Тоо айыл аймагынын Жергиликтүү кеңешинин
5-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясында
2016-жылдын 18.08 № 137 токтому менен бекитилди
Кызыл-Тоо айыл аймактык жайыт комитетинин
2016-2019 жж. климаттык озгоруу шарттарына карата жайыт башкаруу жана мал-чарбачылыгын план
Кызыл-Тоо айылы 2016-жыл
Оглавление
Кыскартуулар. 6
Киришүү. 6
Кызыл-Тоо аймагынын жайгашкан аймагы тууралуу жалпы мүнөздөмөлөр. 6
Кызыл-Тоо ААнын социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү. 6
Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жөнүндө кыскача маалымат. 8
Жайыт комитетинин курамы.. 8
Текшерүү комиссиясынын курамы.. 9
Тоют менен камсыздандыруу. 10
Жалпы тоют базасынын көлөмү. 11
Тоют балансы.. 12
Жайыт пайдалануу системасы.. 13
Учурдагы жайыт пайдалануу. 13
Жайыт пайдаланууну климаттык өзгөрүүгө ыңгайлаштыруу. 13