Редакцияот 18.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын IХ сессиясы

 

2018-жылдын 18-январындагы №10

 

“Нышанов Акбаралинин наамын көчөгө берүү  жөнүндө”

Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 9- сессиясы, Жоон-Күнгөй айылынын тургуну Нышановдун  кайрылуусунун жана Жоон-Күнгөй айылынын элдик жыйынын протоколунун негизинде айылдык кеңештин депутатары талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоон-Күнгөй айылынын Кулетов Закирден Нышанова Кайрыканга чейинки көчөгө Жоон-Күнгөй айылынын тургуну Нышанов Акбаралинин наамы ыйгарылсын.

2. Кулетов Закирден Нышанова Кайрыкандын  үйүнө чейин көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо А.Нышановдун  балдарына жүктөлсүн.

3. Наам берилген көчө  3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагын Жоон-Күнгөй  айылынын айыл башчысы А.Абдымаматовго  жүктөлсүн.

 

Төрага

Ч. Тайгараев