Редакцияот 21.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

чакырылышынын VII сессиясы

 

2017-жылдын 21-декабрындагы №7/4

Барпы жайыт комитетинин 2017-жылга аткарган иши, бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга  бюджет, тариф, штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө

Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы күн тартибиндеги Барпы жайыт комитетинин кайрылуу сунушун карап жана талкуулап  Барпы  айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Барпы жайыт комитетинин 2017-жылга киреше бөлүгү 1098765 сом, чыгаша бөлүгү  890274 сом болуп бекитилсин. (маалымат көчүрмөсү тиркелет).

2. Барпы жайыт комитетинин 2017-жылда аткарган иши боюнча ЖК төрагасы А.Каржоодиевдин берген отчету канааттандырарлык деп табылсын.

3. Барпы жайыт комитетинин 2018-жылга киреше бөлүгү 980000 сом, чыгаша бөлүгү  1483,0 сом  болуп бекитилсин.(маалымат көчүрмөсү тиркелет).

4. Барпы жайыт комитетинин 2018-жылга жайыт пайдалануу  тарифи бекитилсин.

5. Барпы ЖКинин 2018-жылга керектелүүчү штаттык бирдиктери бекитилсин (штаттык бирдик көчүрмөсү тиркелет).

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

7. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып  өз күчүнө кирет.

 

Төрага

У.А. Абдыкулов