Редакцияот 21.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

чакырылышынын VII сессиясы

 

2017-жылдын 21-декабрындагы №7/6

 

Барпы айыл өкмөтүнө караштуу А.Азимканов атындагы маданият үйүнүн чатырын алмаштыруу жөнүндө

Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Комсомол айылындагы А.Азимканов атындагы маданият үйүнүн чатырын алмаштыруу үчүн Барпы айылдык кеңеши төмөндөгудөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Комсомол айылындагы маданият үйүнүн чатырын алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен  939,2 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. 

2. Акча каражатын келишимдин негизинде төлөп берүү жагы Каржы Экономика Бөлүмүнүн башчысы М.Кыргызбаевага  милдеттендирилсин.

3. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

4. Бул токтом Барпы айыл окмотунун сайтына barpy.kg жарыяланган кундон баштап кучуно кирет.

 

Төрага

У.А. Абдыкулов