Редакцияот 21.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

чакырылышынын VII сессиясы

 

2017-жылдын 21-декабрындагы №7/15

 

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын “Ай-нуру” күндүзгү калыптандыруу борбору жөнүндө

Барпы айылдык кенешинин кезектеги VII сессиясы кун тартибиндеги «Ай-нуру» күндүзгү калыптандыруу борбору жөнүндөгү социалдык маселелер  боюнча башкы адис: Г.Карабаеванын маалыматын угуп жана талкуулап     төмөндөгудөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Барпы айыл аймагынын “Ай-нуру” балдардын күндүзгү калыптандыруу борборунун толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн штаты менен Республикалык бюджетке киргизүүгө сунуш берилсин.

2. “Ай-нуру” балдардын күндүзгү калыптандыруу борборунун Республикалык бюджеттен каржылоосуна сунуш берүү үчүн Сузак райондук билим берүү башкармалыгынан суралсын.

3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы башкы адис: Г.Карабаевага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

WWW.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.

 

Төрага

У.А. Абдыкулов