Редакцияот 21.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

чакырылышынын VII сессиясы

 

2017-жылдын 21-декабрындагы №7/18

 

Барпы айыл аймагынын  мамлекеттик фонддун жеринен жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

     Барпы айылдык кенешинин кезектеги VII сессиясынын күн тартибиндеги Түрк-Абад айылынын тургуну Сариков Пахирдиндин арызынын негизинде А.Сыргабаевдин 06.12.2017-ж №702 сунушун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кенеши төмөндөгудөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Барпы айыл өкмөтүндөгү Барпы Алыкулов үрөөнулүк кооперативине ижарага берилген мамлекеттик фонддун жеринен 0,50 га жер аянтын Сариков Пахирдиндин турмуш шарты оор болгондугуна байланыштуу жардам катары Барпы Алыкулов үрөөнчүлүк кооперативинин жетекчиси: А.Юсуповго  милдеттендирилсин.

2. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Барпы айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитеттин төрагасы: Т.Касымовго жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап кучүнө кирет.

 

Төрага

У.А. Абдыкулов