Редакцияот 21.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 21-декабрындагы №7

 

Айылдык кеңештин депутаты Абдуллаев Эмилбек Каримбаевичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү арызы жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Ленин айылдык кеңешинин депутаты Абдуллаев Эмилбек Каримбаевич өзүнүн арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун (Арызы тиркелет).

2.    Бош калган депутаттык мандатты андан кийинки көп добуш алган талапкерге ыйгарып берүүсү Сузак аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Атабаев М. милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

М. Кенешбаев