Редакцияот 16,01,2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Булак  айылдык Кеңешинин  VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2018-жылдын 16-январы №12/56

Нарын облусунун Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-декабрындагы №139 буйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорло институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Сары-Булак айыл аймагынын жер фондусунун инвентарлоо материалдарын карап чыгып, Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кочкор районун Сары-Булак айыл аймагынын жер фондусунун инвентарлоо боюнча даярдалган материалдары бекитилсин.

2. Сары-Булак айыл аймагынын жер фондусунун инвентарлоо боюнча материалдарын, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына бекитип берүүгө, киргизүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик адмиминистрация башчысынын 2016-жылдын 3-сентябрындагы №163б буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Макишовко милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Т. Жумамүдүн уулу