Редакцияот 24.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

 

2018-жылдын 24-январы №11/7

Кара-Суу айыл аымагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

 

Кара-Суу айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссисынын төрагасы С.Табылдиевдин, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчиси К. Темиралиевдин жана Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т. Өмүралиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга жайыт акынын киреше бөлүгү 480,0 миңсом,чыгаша бөлүгү 480,0 миң сомго бекитилсин. (жер салыгы 66,4миң сом+ижара акы + 413,6 миң сом).

 

А). Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү:

Беренелер

Кирешенин түрлөрү

Сумма сом

14152200

Жайыт пайдалануучулардан алынган жайыт акы

9600 шартуу башка

480000,00

 

Баары

480000,00

Б). Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга бюджетинин чыгашалар бөлүгү:

№

Чыгаша түрү

Сумма сом менен

1

Эмгек акы

160000,00

2

Соц. фонд

27600,00

3

Кеңселик буюмдар үчүн

6000,00

4

Сапарлык чыгым

8000,00

5

Жол, көпүрө оңдоо иштери үчүн

120000,00

6

Жер салыгы

66407,00

7

Транспорт чыгым

17400,00

8

Резервдик фонд

74593,00

 

Баары

480000,00

Тѳрага

Т. Курткаев