Редакцияот 14.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 14-июну №8/3

Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн айылына “Ветеринардык клиника куруу”, “Дыйканбай-Гоо-Өмүкө” каналына көпүрө салуу” жана Бирдик айылындагы эски Кормоцехтин ордуна “Кой-эчкилерди купкалоочу ванна куруу” долбоорлорун, АРИС программасына сунуштоо жөнүндө

    

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы, жогорудагыларды угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн айылына “Ветеринардык клиника куруу”, “Дыйканбай-Гоо-Өмүкө” каналына көпүрө салуу” жана Бирдик айылындагы эски Кормоцехтин ордуна “Кой-эчкилерди купкалоочу ванна куруу” долбоорлору АРИС программасына сунушталсын.

2. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Осмонбековго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.

 

Тѳрага

К. Асаналиев