Редакцияот 01.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2018-жылдын 1-февралы №1/6

Ат-Башы токой чарбасы максатсыз пайдаланып келген 25га сугат жер аянты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 18-майындагы №175 токтомунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн Ак-Моюн айыл аймагынын карамагындагы 100га сугат айдоо жер аянты Ат-Башы токой чарбасына берилсин деген пунктка өзгөртүү киргизүү боюнча тиешелүү органдарга кайрылуу жөнүндө

 

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Моюн айыл аймагынын административдик территориясынын карамагында турган Ат-Башы токой чарбасы максатсыз пайдаланып келген 25га сугат жер аянты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 18-майындагы №175 токтомунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн Ак-Моюн айыл аймагынын карамагындагы 100га сугат айдоо жер аянты Ат-Башы токой чарбасына берилсин деген пунктка өзгөртүү киргизип, жокко чыгарып берүү боюнча тиешелүү жогорку органдарга кайрылуу сунушталсын.

2. Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.

 

Тѳрага

К. Асаналиев