Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
XVIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 17-майы №8/1
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 04.04.2017-жылдагы № 63-б буйругун жана Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.04.2017-жылдагы №35-б буйруктарынын негизинде «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярадалган Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярадалган материалында Баш-Кайыңды айыл аймагынын Баш-Кайыңды калктуу конушу 380гектарды, Большевик калктуу конушу 148 гектарды түзүп, калктуу конуштарынын чек аралар баяндамасына ылайык тактоодо жазылган сызык боюнча 528 гектар жер аянты бекитилсин. (чек аралардын баяндамасы тиркелет)
2. «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярадалган материалында Баш-Кайыңды айыл аймагынын Баш-Кайыңды жана Большевик калктуу конуштарынын жалпы жер аянтын аныктоо жана чек араларды тактоо жумуштары боюнча 15.05.2017-жылдагы жер участкасын жеринде изилдөө актысы бекитилсин.
3. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдардынын негизинде Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жер жана турак жай, жаратылышты коргоо, жол, энергетика боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Тѳрага | А. Бокоев |
Баш-Кайыңды айылы
Айылдын батыш тарабындагы Ат-Башы - Өзгөрүш автоунаа жолунун боюндагы көпүрөгө байлоо менен аралыгы 237 метр болуп, сүрөттөп жазууда № 1 - чекит баштапкы болуп кабыл аланды. № 1- чекиттен түндүк-батышты карай суу арыгы аркылуу ийри сызык менен жарга барып №2-чекитке келет. №2-чекиттен багытын өзгөртүп түндүк-чыгышты көздөй жардын кыры менен № 3-чекитке келет. № 3-чекиттен талаа жолу аркылуу түндүк-чыгышты карай № 4-чекитке барат. № 4-чекиттен талаа жолу менен ийри сызык аркылуу № 5 -чекитке келет. № 5-чекиттен түндүк-батышты карай мүрзө коругу менен ийри сызык аркылуу № 6-чекитке барат. № 6- чекит түштүк чыгышка карай мүрзөнүн коругу менен ийри сызык аркылуу 81 метр аралыктагы № 7-чекитке келет. №7- чекиттен түштүк -чыгышты карай суу арыгы менен 133 метр аралыктагы № 8- чекитке барат. № 8- чекит түштүк- чыгышты карай суу арыгы менен ийри сызык аркылуу Чоң Дөбөнүн батыш тарабындагы Ат-Башы-Өзгөрүш автоунаа жолунун жээгиндеги № 9-чекитке барат. № 9-чекит түштүк-чыгышка карай суу арыгы менен жардын кырындагы № 10- чекитке келип, андан ары № 10- чекиттен түштүк-чыгышка жардын кыры менен ийри сызык аркылуу №11-чекитке барат. №11- чекиттен түштүк-батышты карай суу арыгы менен ийри сызык аркылуу № 12-чекитке келет. №12- чекиттен түштүк- батышты карай суу арыгы менен ийри сызык аркылуу № 13-чекитке барат.
№13-чекиттен түштүк-чыгышты көздөй 181 метр аралыктагы түз сызык аркылуу Чоң Кайыңды суусун кесип өтүп, түштүк тарабындагы мүрзөнүн жанындагы №14-чекитке келет. №14-чекиттен түштүк батышты карай 1732,5 метр аралыкта түз сызык аркылуу айдоо жерлерди кесип өтүп №15- чекиттеги мүрзөгө келет. № 15-чекиттен ийри сызык аркылуу мүрзөнүн чети менен батыш тарабындагы №16-чекиттен батышка карай түз сызык аркылуу 310 метр аралыкта №17 чекитке келет. №17-чекиттен түштүк-чыгышка карай ийри сызык аркылуу айдоону кесип өтүп, №18-чекитке барат. №18- чекиттен түштүк-батышты көздөй ийри сызык менен айдоо жерин кесип талаа жолунун жээгиндеги №19- чекитке келет.
№ 19- чекиттен ийри сызык аркылуу айдоону жана Чоң Кайыңды суусун кесип өтүп Ат-Башы-Өзгөрүш автоунаа жолундагы №1- баштапкы чекитке келет.
Большевик айылы
Айылдын түндүк тарабындагы Ат-Башы-Өзгөрүш автоунаа жолунан айылга бурулуп кирген жолдун кесилиши сүрөттөп жазууда № 1-чекит баштапкы чекит болуп кабыл алынды. № 1-чекиттен түндүк-чыгышты карай кургак жер менен түз сызык аркылуу 871 метр аралыктагы № 2-чекитке барат.