Редакцияот 25.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын

XVIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2017-жылдын 25-декабры №12/2

Баш-Кайыңдыайыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Финансы бюджет” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жайлобай уулу Азаматтын маалыматын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү Республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирилген гранттан жана айыл аймагынын салык булактарынын эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.

Киреше бөлүгү

Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык-2 627 400 сом

Теңдештирилген грант-6 189 600 сом

Баары: 8 817 000 сом

Чыгаша бөлүгү

Башкаруу аппаратына-5 461 900

Маданият бөлүмүнө-962 900

Билим берүү бөлүмүнө-1737 000

Атайын каражат-363 000 сом

Экономикалык маселелер (жайыт)-292 200 сом

Баары: 8 817 000 сом

2.      Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-2020-жылдарга карата долбоордук сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин:

·         2019-жылга жергиликтүү киреше 2 692 900 (эки миллион алты жүз токсон эки миң үч жүз) сом , теңдештирилген грант 6 165 300 (алты миллион бир жүз алтымыш беш миң үч жүз) сом. Баары 8 858 200 (сегиз миллион сегиз жүз элүү сегиз миң эки жүз) сомго.

·         2020-жылга жергиликтүү киреше 2 764 900 (эки миллион жети жүз алтымыш төрт миң тогуз жүз) сом, теңдештирилген грант 5 963 000 (беш миллион тогуз жүз алтымыш үч миң) сом. Баары 8727900 (сегиз миллион жети жүз жыйырма жети миң тогуз жүз) сомго.

3.      Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы - экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.

4.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Байказаковго тапшырылсын.

5.      Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Тѳрага

А. Бокоев