Редакцияот 04.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын

VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

2017-жылдын 4-августу №9/3

Ак-Кыя айыл аймагынын Кара-Суу айылында 28.07.2017-жылдагы өткөрүлгөн №10 элдик жыйындын протоколун бекитүү жонундо

 

Кара-Суу айылындагы 28.07.2017-жылдагы өткөрүлгөн №10 элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жөнүндө өкмөт башчы З.Исираиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Кара-Суу айылына кичи футболдук аянтча куруу жөнүндө 28.07.2017-жылдагы өткөрүлгөн №10 элдик жыйындын протоколу бекитилсин.

2.      Тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүп, токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З. Исираиловго тапшырылсын.

 

Тѳрага

Р. Зарлыков