Редакцияот 28.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын

VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

 

2017-жылдын 28-сентябры №11/2

Кыргыз Республикасынын ардак грамотасына көрсөтүү жөнүндө

 

Жаны-Жол айылынын тургуну, Кочкор аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн врач-хирургу Акматбеков Эсенгулду Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасына» көрсөтүү жөнүндөгү Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн 25.09.2017-жылдагы №15 токтомун бекитип берүү жөнүндө өкмөт башчы З. Исираиловдун сунушун карап жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 25.09.2017-жылдагы №15 токтому бекитилсин.

2.      Жаны-Жол айылынын тургуну,Кочкор аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн врач-хирургу Акматбеков Эсенгул Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасына» көрсөтүлсүн.

3.      Бул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

 

Тѳрага

Р. Зарлыков