Редакцияот 24.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2017-жылдын 24-апрели №5-3

Т. Кулатов атындагы айыл аймагындагы Көк-Жар-Кызыл-Кыя борбордук жолдун боюндагы жашаган айыл тургундары кызыл-сызыкка чыгып кеткен тосмолорун, өздөрү тиккен бак-дарактарын алдыруу жөнүндө

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик обьектилерин куруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси С. Бойдоновдун билдирүүсүнө негиз Т. Кулатов атындагы айыл аймагындагы Көк-Жар-Кызыл-Кыя борбордук жолдун боюндагы жашаган айыл тургундары кызыл-сызыкка чыгып кеткен тосмолорун, жогорку чыналуудагы линиялардын столбаларын тосуп алган тосмолорун жана өздөрү тиккен бак-дарактарын кесип алдыруу максатында айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-32-беренесинин 2-3 пунктуна таянып Т. Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар-Кызыл-Кыя борбордук жолдун боюндагы жашаган жашоочулар асфальт жолдун боюндагы кызыл-сызыкка чыгып кеткен тосмолорун, жогорку чыналуудагы линиялардын столбаларын тосуп алган тосмолорун жана өздөрү тиккен бак-дарактарын кестирип алдырылсын.

2.    Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын Ноокат жана Араван райондору боюнча башкармалыгынан уруксат алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.    Жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин алып баруу жагын айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана ошол аймактагы айылдык кенештин депутаттарына милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А. Топчубаев