Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 20-сентябры №6-1
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү тарабынан 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мадимаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 27-статьясынын 4-пуктуна ылайык депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштеринин отчету канаатандырарлык деп белгиленсин.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|
Урматтуу айылдык Кеңештин депутаттары жана төрага өзүнүздөргө белгилүү Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын курамында каттоодон өткөн беш айыл: «Кожо-Арык», «Кош-Дөбө», «Акчал», «Кызыл-Булак», «Баглан» айылдары кирип, жалпы калкынын саны 19881 адам, кожолук саны 3493. Айыл өкмөтүнүн калкынын эркектери- 9730, аялдары-10151 адамды түзөт.Ал эми улуттук курам боюнча негизинен кыргыздар жашайт.Бүгүнкү күндө биздин айылдык аймагында билим берүүчү 10 орто мектеп, 1 толук эмес орто мектеп, 3 балдар бакчасы, 1 борборлоштурулган оорукана, 1 үй-бүлөлүк даарыгерлер тобу, 5 ФАП, 1 маданият үйү, 1 клуб, 1 спорттук комплекс, 1 стадион, 2 китепкана, тегирмендер жана башка кайра иштетүү боюнча чакан цехтер элге кызмат кылууда.
Т.Кулатов атындагы айылдык аймагы жаратылыш кен байлыктарына өтө бай айылдык аймак болуп саналат.Атап айтсак көмүр, извесняк, гипс, уран , алтын, күмүш, сымап ж.б. кен байлыктар бар. Жогорудагы кен байлыктардан азыркы учурда биздин айыл өкмөтүнө эн чон пайда берип жатканы курулуш материалы болуп саналган цементтин негизин түзгөн извесняк болуп саналат. Ошонун негезинде биздин айылдык аймакта жабык типтеги акционердик коому «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ишканасынан андан тышкары «Айдоочу» ишканасы, «Айбашев» кыш чыгаруучу заводу, «Нур кен», «Кызыл-Кыя» көмүр жана «Береке » кен гипс ташуучу ишканалары иш жүргүзөт.
2017-жылды Республикабызда «Ыйман, адеп жана маданият жылы», ал эми райондо «Мекенди сүйүү ыймандан» деп жарыяланып, бул иш чараны ишке ашыруу үчүн төмөндөгү иштер аткарылды.
2017-жылдын 6 айында жергиликтүү салык жыйымдарга жеткирилген жалпы план 2143,4миң сом болсо иш жүзүндө аткарылганы 2808,3 миң сомго же болбосо 131% ке аткарылып, жеткирилген пландан 664,9 миң сомго ашыкча жыйналды.
Ал эми 2017-жылдын 6 айында салык жана салык эмес жыйымдарга бекитилген план 19827,4 мин сом болсо, иш жүзүндө 16696,4 мин же болбосо 84,2% га аткарылып, жеткирилген пландан 3131,0 миң сомго аткарылбай калды. Аткарылбай калган салыктар боюнча атап айтсак ТКЦ заводунан сатуудан алынган салыкка 521,4 миң сом план белгиленсе, такталган планы 521,4 ал эми аткарылганы 33,4 миң сомго, же болбосо 488,0 миң сомго аткарылган эмес. Рояльти салыгы боюнча 14267,2 мин сом болсо, ал эми аткарылганы 11127,4 мин сом же планга карата 78,3%га гана аткарылган.
Мына ошонун эсебинен айыл өкмөтүндө бир канча биз пландаштырылган иштер аткарылбай калды, бирок ошого карабай айыл өкмөтүндө социалдык обьектилер курулуп, ишке берилди.
Ал эми Тешик-Таш бөлүмүндөгү 3 км жерге жалпы суммасы 18989,640 миң сомго тендер өткөрүлүп, асфальт төшөлүп ишке берилди. Ошондой эле Кызыл-Булак айылындагы “Наристе балалык таны” 90 орундуу балдар бакчасы толугу менен бүткөрүлүп август айында ишке берилип, азыркы учурда иштеп жатат.
Баглан,Таш-Булак айылдарына эн көйгөйлүү маселе болгон элдерди таза суу менен камсыз кылуу эле. Баглан,Таш-Булак айылдарына жергиликтүү бюджеттен 4,8 км узундугу болгон таза сууга 6480410 акча каражаты каралып, азыркы убакта 2 ,700,0 мин сом которулуп, чункуру казылып көмүлүп, шлангалары тартылып, азыркы убакта айылга таза суу жеткирилип берилип дагы айылдагы койулган кранттары ремонтолуп жатат.
Ушундай эле элдин көйгөйү болгон Кош-Дөбө айылында да Ассалам мусулмандар коому тарабынан таза суу тартууга 3 мин 200 метрге 512 мин сомдук шланга сатып алынып, ал эми айыл өкмөтү тарабынан 3200 метр жерге чункур казылып, шланга жаткырылып кайрадан көмүлүп таза суу элге жеткирилди.
Ак-Терек айылындагы К. Колдошов атындагы орто мектебине 9 класс кошуу үчүн жалпы симеталык баасы 12 081 800 сом жергиликтүү бюджеттен каралып , быйылкы жылы бүткөрүлүп ишке берилет.