ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 21-декабры №8/4
Өзгөн шаардык кеңешинин №6/7 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын отуруму Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине ылайык Өзгөн шаар мэриясынын билдирүүсүнүн негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентинин 11-бапынын 13-пунктуна ылайык Өзгөн шаар мэриясынын билдирүүсүнүн негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин 2017-жылдын 1-июлундагы VI сессиясынын №6/7 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|