Редакцияот 21.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы

 

2017-жылдын 21-декабры №8/7

Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 14-сентябрындагы отурумунун №4, 2017-жылдын 15-ноябрындагы отурумунун №5 жана эсеп комиссиясынын №3 протоколдорунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, шаардын инфратүзүмүн көтөрүүгө кошкон зор салымы үчүн Зулпукаров Капарга, Мусабаева Матлюба Разыкбаевнага, Примбердиева Галя Турдиевнага «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2.    «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган жарандарга «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарылгандыгын тастыктоочу документтерди даярдоо жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

А. Джалилов