Редакцияот 08.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын VII сессиясы 

 

2018-жылдын 08-февралы № 7/3-1

Керме-Тоо айыл айыл өкмөтүнүн соц.адиси К. Асанбаеванын арызын кароо жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Керме-Тоо айыл айыл өкмөтүнүн соц. адиси К. Асанбаеванын арызын карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн соц. адиси К. Асанбаеванын арызы канааттандырылсын жана долбоорду ишке ашыруу үчүн материалдык чыгымдар айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.К. Мурзаевге милдеттендирилсин

 

Тѳрага

Жунус уулу Илязбек