Редакцияот 19.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Оро айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезектеги VI сессиясы 

 

2017-жылдын 19-майы №01

Жайыт комитетинин бюджетин айыл өкмөтүнүн бюджетине өткөрүү жөнүндө

 

Оро айылдык кенешинин 10 - чакырылышынын кезектеги 6 – сессиясы жайыт комитетинин бюджетин айыл өкмөтүнө өткөрүү тууралуу кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 17-майындагы № 98-2-2/5360 сандуу кайрылуу катын талкуулап, тактап жана Оро айыл өкмөтүнүн бюджетине жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин бюджети айыл өкмөтүнө кошумча бюджет катары кабыл алынсын.

2. 2017-жылдын бюджетине жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн кошумча акча каражаты 276491 сом өлчөмүндө белгиленсин жана анын ичинен:

Экономикалык маселелер бөлүмүнө:

2211 статьясына - 20240сом

2214 статьясына - 56616сом

2215 статьясына - 195635сом

2222 статьясына - 4000сом

Бүгүнкү күндө айлык акыга жана соцфондко карызыбыз жок.

3. Оро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.

4. Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сурапов, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.

 

Тѳрага

Н. Шадыбеков